БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. АКШны Украинадагы абал канааттандырбай жатат. Алар Владимир Зеленскийден контрчабуулду кандай болбосун улантууну талап кылып жатышат. Бул тууралуу Россиянын ТИМ өкүлү Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды.
"Бүгүнкүдөй абал Америка Кошмо Штаттарын канааттандырбай турат. Эми Зеленскийдин режиминен бир нерсени талап кылышууда. Бул — ага сарпталган акчаны актоо жана кандай гана болбосун контрчабуулду улантуу", — деди Захарова брифингде.
Буга чейин Пентагондун Бириктирилген комитетинин штабынын жетекчиси Марк Милли украиналык аскерлердин контрчабуулу кандуу болуп узакка созуларын айткан.
Украинанын Запорожье фронтунун Түштүк Донецк, Орехово, Васильев жана Артемовск багытындагы чабуулу 4-июнда башталган. Анткен менен негизги сокку Запорожье фронтуна урулган болчу. РФ президенти Владимир Путин Украина контрчабуулга өткөнүн, бирок бир да жерде ийгиликке жетпегенин билдирген.
3-июлда Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу контрчабуул баштагандан бери Украина бир дагы багыт боюнча ийгиликке жетпегенин, алар 26 миңден ашык жоокер, 1 244 танка, 21 учак, 6 тик учак жана миңдей башка техника жоготконун билдирген.