Саясат эмес, спорт көп болгон. 43 жыл мурдагы Олимпиаданы эске салган видео

Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Мындан 43 жыл мурда СССРде Олимпиада оюндары өтүп, совет эли жана спорт күйөрмандары үчүн чоң окуя болгон. Ал кезде мындай дүйнөлүк иш-чараларда саясат эмес, чыныгы спорттук таймашуулар арбын эле.
1980-жылы болгон Олимпиадасы тууралуу даярдалган видеону Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналы жарыялады.
Андагы кызыктуу фактылар:
Социалисттик өлкөдө өткөн биринчи олимпиада;
Бойкот. Советтик аскерлердин Афганстанга киргизилишинен улам 64 мамлекет бойкот жарыялаган. Бул СССРге зыянын эмес пайдасын тийгизген;
Бюджет. Олимпиада 862 миллион рубль жумшалган. Бул сумма кайра өзүн актаган. Канадага 1976-жылдагы оюнду өткөрүүгө кеткен чыгымдарын жабууга 30 жылы кеткен.
Борборду тандоо. Бул олимпиаданы өткөрүү үчүн Москва же Лос-Анжелести тандоого туура келген. УОК мүчөлөрү эки добушту көбүрөөк берип, СССРдин борборуна басым коюшкан.
Жалгыз эле Москва эмес. Олимпиада-80 СССРдин борбор шаарында эле өтпөстөн, бир катар спорттук беттештер Ленинград, Минск, Киев жана Таллинде да болгон.
Мамалак. Олимпиаданын тумары болгон мамалактын асманга көтөрүлүшү ал кездеги КГБ үчүн да күтүүсүз окуя болгон, себеби бул нерсе сценарийде жазылган эмес эле.
Инфраструктура. Спорттук комплекстерден сырткары оюндар үчүн дээрлик район — "Олимпиада айылын" жана Шереметьево-2 терминалын курушкан. Эки объект олимпиада өткөндөн кийин калып калбай, азыр да пайдаланылып келет.
Баса, бул Олимпиададан кыргызстандык балбан Каныбек Осмоналиев оор атлетика боюнча 52 килограмм салмактагылар арасында алтын тагынган.
Мелдешке 15 мүнөт калганда амал таап... Каныбек Осмоналиевдин Олимпиадага карай жолу