Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ Крым көпүрөсүндөгү терактыга тиешеси жоктугун айтууда

Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. АКШ Крым көпүрөсүндөгү чабуулга тиешеси жоктугун Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Мэтью Миллер билдиргенин РИА Новости жазды.

"Бул такыр туура эмес", — деген Миллер брифингде. Бул анын Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антоновдун Крымдагы чабуулда украиналык радикалдарды штаттардын калкалаганын айтып, АКШ мунусу менен Киевдин кылмыштарынын катышуучусу болуп жатат дегенине берген жообу болду.

Россиянын Террорчулукка каршы күрөшүү улуттук комитетинин билдиргенине караганда, 17-июлда таңкы саат 3.05 чамасында пилотсуз башкарылуучу аппараттар менен суу алдынан Крым көпүрөсүнө кол салышкан. Терактынын кесепетинен көпүрөнүн автоунаа жүргөн жеринин бөлүгү талкаланган. Мунун кесепетинен белгороддук үй-бүлө — аялы-күйөөсү каза таап, кызы жарадар болгон.
Терактынын кесепеттерин жоюу боюнча РФтин премьер-министринин орун басары Марат Хуснуллин жетектеген өкмөттүк комиссия иш алып барууда.
Анын айтымына караганда, бир багыттагы жол менен эки тараптуу кыймылды ишке киргизүү 15-сентябрга, ал эми эки багыттагысын ишке киргизүү ноябрга белгиленген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Крым көпүрөсүндөгү теракт боюнча жыйын өткөрдү. Урунттуу учурлар