УКМК: миңдеген литр жасалма виски, текила сыяктуу ичимдиктер табылды

Ичимдиктер санитардык, техникалык жана медициналык нормалар сакталбастан, колго жасалып турган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. 18-июль күнү мамлекеттик Алко агенттигинин кызматкерлери алкоголь продукцияларын көмүскө өндүргөн цехтердин ишине бөгөт койду. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, тинтүү иштери Бишкекте, анын ичинде "Берекет Универсал" соода жайында ("Ош" базары) жана Чүй облусунда жүргүзүлгөн.
1 / 4

18-июль күнү мамлекеттик Алко агенттигинин кызматкерлери алкоголь продукцияларын көмүскө өндүргөн цехтердин ишине бөгөт койду

2 / 4

Маалыматка караганда, тинтүү иштери Бишкекте, анын ичинде "Берекет Универсал" соода жайында ("Ош" базары) жана Чүй облусунда жүргүзүлгөн

3 / 4

Курамында спирти бар продукциялар санитардык, техникалык жана медициналык нормаларды сактабастан колго жасап турушкан

4 / 4

Анын ден соолук үчүн кооптуулук жаратып, өлкө экономикасына зыян алып келери белгиленди

"Натыйжада 16,9 миң бөтөлкө — 3,5 миң литр жасалма алкоголдук продукция табылды. Анын ичинде коньяк, виски, текила бар. Мындан тышкары, 350 литр этил спирти, акциздик миң жасалма марка, этикетка жана ошондой эле контрафактылык алкопродукцияны өндүрүү үчүн станоктор, атайын жабдуулар табылды", — деп айтылат маалыматта.
Курамында спирти бар продукциялар санитардык, техникалык жана медициналык нормаларды сактабастан колго жасап турушкан. Анын ден соолук үчүн кооптуулук жаратып, өлкө экономикасына зыян алып келери белгиленди.
Ичимдик эмне үчүн жүрөккө "бычак". Адистер кесепетин санап берди