БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. 2023-жылдын алты айында Кыргызстандан сыртка 34 миң 975,2 тонна сүт азыктары экспорттолду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Алардын ичинен:
Россияга — 1 589,3 тонна;
Казакстанга — 32 949,9 тонна;
Өзбекстанга — 416 тонна,
АКШга — 24 тонна кеткен.
Жогоруда көрүнүп тургандай, бул аралыкта Кыргызстанда өндүрүлгөн сүттүн басымдуу бөлүгүн Казакстан сатып алган.
Эске салсак, Россия ушул жылдын февраль айында Кыргызстандан балык, апрелде сүт азыктарын алуудан баш тарткан. Россельхознадзор ага бир нече эреже бузуу себеп болгонун айткан эле. Бирок жакында эле төрт ишканага кайрадан экспорттоого уруксат бергени белгилүү болду.
Министрлик ошондой эле өткөн жылы Кыргызстандан жалпысынан 36 миң 459,4 тонна сүт азыктары ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолгонун кошумчалады.