Бишкектин четинде эс алууга барган эне-бала сууга агып кетти

Кечээ караңгы киргендигине байланыштуу кичинекей кызды издөө убактылуу токтотулган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Бишкектин четинде Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айыл аймагына караштуу эс алуучу жайда эне-бала сууга агып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Кырсык кечээ, 18-июлда, катталып, издөөгө 12 куткаруучу чыккан. Алар А.Э. аттуу аялдын сөөгү таап, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми кичинекей кызды издөө караңгы киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган. Аны издөө бүгүн улантылмакчы.
Сууга чөгүп каза болгон төрт адамдын сөөгү табылды, бирөө жаш бала