Сауд Арабияга барган Жапаровду Меккенин губернатору тосуп алды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун борту Сауд Арабиянын Жидда шаарындагы эл аралык аэропортко конду.
Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, Жапаровду Меккенин губернатору Халид бен Фейсал Аль Сауд тосуп алды. Аба майданга килем төшөлүп, Ардак кароол тизилген.
1 / 4

Президент Садыр Жапаровдун борту Сауд Арабиянын Жидда шаарындагы эл аралык аэропортко конду

2 / 4

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, Жапаровду Меккенин губернатору Халид бен Фейсал Аль Сауд тосуп алды

3 / 4

Аба майданга килем төшөлүп, Ардак кароол тизилген

4 / 4

Президент Сауд Арабиянын падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен барган

Президент Сауд Арабиянын падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун чакыруусу менен барган. Сапардын алкагында ал мамлекет башчылардын "Борбор Азия — булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши" аттуу биринчи саммитине катышат. Президенттер саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда региондор аралык кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.
Жапаровдун бул сапарында булуңдагы араб мамлекеттеринин башчылары менен жолугушуусу пландалган.
Садыр Жапаров Сауд Арабияга жөнөп кетти. Коштоп барчу делегациянын курамы