Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россияга каршы теракт даярдалган украиналык объектилерге сокку урулду

Бутага алынган жерлердин баары жок кылынганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Россиянын аскерлери РФке каршы деңиз дрондорунун жардамы менен теракт жасоого даярдалып жаткан украиналык объектилерге сокку урду. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.
"Бүгүн түнү Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрү жогорку тактыктагы курал менен Россия Федерациясына каршы экипажы жок катерлерди колдонуу менен теракт жасоого даярдалып жаткан украиналык объектилерге сокку урду. Анын ичинде Одесса шаарында жайгашкан кеме оңдоочу завод дагы бар", — деп ведомствонун Telegram-каналында жазылган.
Мындан тышкары, Николаев менен Одессанын аймагындагы 70 миң тоннадай күйүүчү май сакталган жерлер дагы талкаланган.
"Бутага алынган жерлердин баары жок кылынды. Талкаланган объектилердеги өрт жана детонация каттоого алынды", — деди министрликтен.
Террорчулукка каршы күрөшүү боюнча улуттук комитет 17-июлда таңкы саат 3тө пилотсуз башкарылган украиналык эки техника менен кол салуу болгонун айткан. Анын кесепетинен эки адам — аялы-күйөөсү көз жумуп, кызы жарадар болгон. Окуя болгон жерге Тез жардам жана башка кызматтар барган. Күч түзүмдөрү тиешелүү иштерин аткарып, тергөө башталган. Тергөө комитети "Террордук акт" беренеси боюнча иш козгогон.
Россиянын президенти Владимир Путин окуяны Киев режиминин кезектеги терактысы экенин айтты. Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Крым көпүрөсүндөгү теракт боюнча жыйын өткөрдү. Урунттуу учурлар