БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Крым көпүрөсүндөгү кырдаал боюнча жыйын өткөргөнүн Кремлден кабарлады. Россиянын Террорчулукка каршы күрөшүү боюнча улуттук комитетинин билдиргенине караганда, таңкы саат 3.05 чамасында пилотсуз башкарылуучу аппараттар менен суу алдынан Крым көпүрөсүнө кол салышкан. Терактынын кесепетинен көпүрөнүн автоунаа жүргөн жеринин бөлүгү талкаланган. Мындан улам бир үй-бүлө — аялы-күйөөсү каза таап, кызы жарадар болгон.
Путин муну аскердик көз караш менен алганда мааниси жок жана ырайымсыз теракт деп атады. Ал Россия тараптан буга жооп болорун, Коргоо министрлиги сунуш даярдап жаткандыгын айтты.
Россия лидери жетим калган кызга зарыл болгон жардамды көрсөтүүнү тапшырды.
Путин терактыдан улам Крым көпүрөсүндөгү автожолдордун тилкеси олуттуу зыянга учурагандыгына токтолду.
"Бардык нерселер такталарынан шегим жок. Крым көпүрөсүндө экинчи теракт болуп жаткандыктан, бул стратегиялык маанилүү объектинин коопсуздугун камсыздоонун жогорулатылышы боюнча конкреттүү сунуштарды күтөм. Учурда темир жол кыймылы калыбына келтирилди. Көпүрөнүн жабылышынан улам кыйын абалда калган элге колдоо көрсөтүлүшү керек. Бул токтотулуп турган поезддердин, автоунаалардын жүргүнчүлөрү", — деген Путин.
Ал Крым көпүрөсүнүн аймагындагылар жана аларга эмне жардам көрсөтүлгөнү туурасындагы маалыматты сурады. РФ президенти калыбына келтирүү иштерин ыкчам баштоону тапшырды.
Россиянын вице-премьери Марат Хуснуллин аталган объектидеги бир темир жол өтө зыян тартпагандыгын, ал эми бирөө олуттуу талкалангандыгын билдирди. Ал тирөөчтөр аман экендигин кошумчалады.
Бир багыттагы жол менен эки тараптуу кыймылды ишке киргизүү 15-сентябрга, ал эми эки багыттагысын ишке киргизүү ноябрга белгиленген. Чыгым эсептеле элек, ал эми металл конструкцияларды оңдоого даярдай башташкан.