Ош шаарында "Тарыхтан калган элестер" аттуу 17 айкел жасалууда. Видео

Айкелдер Ош улуттук драма театрынын сол тарабына коюлат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Ош шаарында "Тарыхтан калган элестер" аттуу 17 айкел жасалууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Мындай жумуштарды Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына жана көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине карата уюштурулган республикалык сынакта жеңишке ээ болгон айкелчилер жасап жатканы белгиленди. Анда тарыхтан 17 образ чагылдырылып, майрам күнү тартууланат.
Кыргыз элинин байыртан келе жаткан тарыхый-маданий мурасын жогорку чеберчилик менен чагылдырган айкелдер Ош шаарына эстеликке калтыруу, улут мурасын жана айкелчилердин эмгектерин даңазалоо максатында даярдалууда.
Радио
Ош шаарында таш симпозиуму өткөрүлөт. Чоо-жайы