Пресс-борбор

"Мейкин Азиянын" уюштуруучулары: Кыргызстанды дүйнө жүзү тааныйт

Быйыл иш-чара Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин колдоосу менен өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. "Мейкин Азия" кыргыз фестивалы дүйнө жүзүнө таанымал болот. Бул тууралуу долбоордун координатору, маданияттын эмгек сиңирген ишмери Рыскул Боронбаев билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингге катышты.
"Музыка жаатында эл аралык фестивалдарды өткөрүү боюнча Дүйнөлүк ассоциациянын президенти менен сүйлөшүүлөр жүрдү. Ал Кыргызстанга келип "Мейкин Азия" долбоору дүйнөлүк желеге кире турганын жарыялоону убадалады", — деди Боронбаев.
Ал мунун арты менен биздин артисттер эл аралык бардык фестивалдарга катыша аларын, Кыргызстан тууралуу дүйнө жүзү билерин белгиледи.
"Мейкин Азия" Ысык-Көл облусунда 18инен 20-августка чейин "Рух Ордо" борборунда өтөт. Ага 25ке жакын мамлекет катышат. Алардын арасында Россия, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан бар.
Иш-чаранын уюштуруучулары:
Кыргызстандын министрлер кабинети;
КРдин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги;
Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрация;
Улуттук телерадиоберүү корпорациясы.
Бишкекте кыска метраждуу тасмалардын эл аралык фестивалы өтөт