Бишкекте кыска метраждуу кинофильмдердин эл аралык фестивалы өтүүдө. Видео

Кинолор 22-июлга чейин күн сайын саат 17:00дө көрсөтүлүп турат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Бишкектеги “Манас” кинотеатрында “Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” аттуу XI эл аралык фестиваль башталды.
Бир нече күнгө созула турган иш-чара залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 95 жылдыгына арналат. Байге фонду 500 миң сом.
Фестивалга КМШ, Балтика боюндагы өлкөлөрдүн, Грузиянын өкүлдөрү катышууда.
Кинолор 18-июлдан 22-июлга чейин күн сайын саат 17:00дө көрсөтүлүп турат.
Бул кинофестиваль 2011-жылы негизделген. Долбоордун максаты – КМШ өлкөлөрүнүн мыкты фильмдерин көрсөтүү менен бирдиктүү кино аянтчасын түзүү болуп саналат. Мындан тышкары, жаш кинематографисттер өздөрүнүн талантын көрсөтүүгө, тажрыйба алмашуусуна шарт түзүлөт.
Пресс-борбор
"Мейкин Азиянын" уюштуруучулары: Кыргызстанды дүйнө жүзү тааныйт