ЖРТнын жыйынтыгы менен абитуриенттерди ЖОЖго кабыл алуу башталды

Тандоо жети этап менен өткөрүлөрү маалымдалган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда ЖРТнын жыйынтыгы менен 2023/2024-окуу жыл үчүн абитуриенттерди жогорку окуу жайларына кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.
Тандоого катышуу үчүн арызын жазып жана документтерин автоматташтырылган "Абитуриент Online" системасы аркылуу берсе болот.
Тандоо туру төрт этап менен өтөт:
I тур — 17-июлда саат 8:00дөн 19-июль саат 14:00гө чейин;
II тур — 24-июлда саат 8:00дөн 26-июль саат 14:00гө чейин;
III тур — 31-июлда саат 8:00дөн 2-август саат 14:00гө чейин;
IV тур — 7-августта саат 8:00дөн 9-август саат 14:00гө чейин.
Радио
Асан кызы: быйыл өлкө ЖОЖдорунда 6000 бюджеттик орун болот