Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленскийдин офисинен Крым көпүрөсүндөгү теракт боюнча үн катты

Буга чейин Украинанын Коопсуздук кызматы Крымдагы көпүрөгө чабуул койгондугун дээрлик мойнуна алган эле.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Владимир Зеленскийдин кеңсе жетекчисинин кеңешчиси Михаил Подоляк Крым көпүрөсүндөгү терактыга комментарий берип жатып, аны "мыйзамсыз курулуш" деп атаган болчу. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Буга чейин Украинанын Коопсуздук кызматы Telegram-каналдагы https://t.me/SBUkr/8971 билдирүүсүндө Крымдагы көпүрөгө чабуул койгондугун дээрлик мойнуна алган эле.
"Россиянын массалык өлтүрүү куралдарын жеткирүү үчүн колдонулган бардык мыйзамсыз структуралары талкалоонун себептерине карабастан кыска мөөнөттүү...", — деп жазган Подоляк Twitter баракчасына.
Террорчулукка каршы күрөшүү боюнча улуттук комитет 17-июлда таңкы саат 3тө пилотсуз башкарылган украиналык эки техника менен кол салуу болгонун айткан. Анын кесепетинен эки адам — аялы-күйөөсү көз жумуп, кызы жарадар болгон. Окуя болгон жерге Тез жардам жана башка кызматтар барган. Күч түзүмдөрү тиешелүү иштерин аткарып, тергөө башталган. Тергөө комитети "Террордук акт" беренеси боюнча иш козгогон.
Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Крым көпүрөсүнө чабуул Киев режими тарабынан жасалганын белгилеген. Мындай чечимди украиналык расмий жана аскердик тараптар америкалык, британиялык атайын кызматтардын, саясатчылардын катышуусу менен кабыл алганын айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Крым көпүрөсүнө суу астынан пилотсуз башкарылган украиналык техника кол салган