Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

НАТОнун Украинадагы одоно үч катасын айтышты

Альянс Россиянын сактанууларына кулак төшөөгө жана Кытайдын тынчтыкты жөндөө аракеттерин колдоого жөндөмсүздүгүн көрсөттү.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. НАТОнун Москванын коопсуздук маселелериндеги сактанууларын азайта албаганы блоктун олуттуу катасы болду. Мындай пикирин CGTN ресурсунун баяндамачысы Бобби Надери жазгандыгын РИА Новости билдирди.
"НАТОнун Москванын коопсуздук боюнча түйшөлүүсүн азайтып же жеңилдетүүдөн баш тартышы уюмдун ири каталарынын бири болду. Түндүк атлантикалык альянстын дагы бир одоно каталарына 2014-жылдагы ички татаал динамиканы түшүнбөй туруп Майдандагы нааразылыктардагы көмөктөшүүсүнөн кийин, Киевге жардам берүүдө шашып кеткенин кошууга болот. Негизги жаңылыштык — НАТОнун "жеңиш" деген нерсеге ээрчип, Украинадагы кадамдарындагы болуп кетчү кесепеттерин алдын ала көрө албагандыгы жана ага баа бере албагандыгы", — деп жазган журналист.
Анын пикирине караганда, НАТОнун стратегиялык жаңылыштыктары жана анын кесепеттерине берген компетентсиз баасы украина чатагынын созулуп кетишине себеп болду. Аталган уюмдун Россиянын сактанууларына кулак төшөөгө жана Кытайдын тынчтыкты жөндөө аракеттерин колдоого жөндөмсүздүгү да бар. Москва НАТОнун конфронтацияга ниеттенип турганын бир нече ирет белгилеген.
Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков блоктун мындан аркы кеңейиши Европага көңүл тынчытарлык деле коопсуздук алып келбестигин белгилеген.
Макаланы толугу менен бул жерден окуса болот.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Украинанын НАТОго кирүү ыктымалдыгы боюнча суроого жооп берди