Кыргызстан Россиядан мыкты сорттогу 100 тонна үрөн сатып алды

Кыргызстанда жайлоонун жалпы аянты 9 миллион гектар болсо, алардын арбын бөлүгү такырланып, деградация болуп кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Россиядан көп жылдык чөптүн мыкты сорттогу 99,5 тонна үрөнү жайлоолордун деградация болуп бара жатышын токтотуу максатында сатып алынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматынан кабарлады.
Жалпы көлөмдүн, 99 тоннанын ичинен 490 килограмм жайлоо чөптөрүнүн үрөндөрү күзүндө 10 миң гектарга себилмекчи. Калган беш тонна 10 килограммы жайыттардагы жаңы үрөндү өстүрүү үчүн колдонулат.
Кыргызстанда жайлоонун жалпы аянты 9 миллион гектар болсо, алардын арбын бөлүгү деградация болуп кеткен. Такырланган аймактар туурасында маселе акыркы жылдары арбын көтөрүлүп келүүдө.
Соң-Көлдө бетеге азайып, уулуу чөптөр көбөйүүдө. Адистин маеги