Крым көпүрөсүндөгү кырсыктын кесепетинен эки адам каза болду

Кырсыктан ата-энеси набыт болуп, жаш кызы жаракат алганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Крым көпүрөсүндөгү кырсыктын кесепетинен эки адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Ошондой эле жашы жете элек бир кыз жаракат алган, аны санавиация менен Краснодар крайындагы ооруканага алып барууга даярдап жатышат.
Буга чейин Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков кырсыктан жаш кыз жаракат алып, анын ата-энеси набыт болгонун кабарлаган. Россиянын Транспорт министрлиги бүгүн эртең менен Крым көпүрөсүндө кырсык катталганын билдирген. Ал эми жол саат 9:00дө ачылары айтылган.
Окуя болгон жерге Тергөө комитетинин өзгөчө маанилүү иштерди иликтөө боюнча түзүлгөн атайын топ чыгып кеткен. Жагдайдын чоо-жайын териштирүүнү Крым прокуратурасы өзгөчө көзөмөлгө алган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина Крым көпүрөсүн жардырганын мойнуна алды