Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Крым көпүрөсүнө суу астынан пилотсуз башкарылган украиналык техника кол салган

Кол салуунун кесепетинен Белгород облусундагы үй-бүлө — аялы менен күйөөсү көз жумган. Ал эми жарадар болгон кызы кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Крым көпүрөсүнө түндө украиналык пилотсуз башкарылган техника менен кол салып, ал боюнча "Теракт" беренесинин негизинде иш козголгонун РИА Новости жазды.
Террорчулукка каршы күрөшүү боюнча улуттук комитеттин билдиргенине караганда, каргаша таңкы саат 3төрдө болгон.
"Саат 3.05 чамасында пилотсуз башкарылуучу аппараттар менен суу алдынан Крым көпүрөсүнө кол салышкан. Терактынын кесепетинен көпүрөнүн автоунаа жүргөн жеринин бөлүгү талкаланган. Мындан улам эки киши каза таап, бир бала жаракат алган", — деп айтылган маалыматта.
Бул фактыдан кийин "Теракт" беренеси боюнча иш козголду.
Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Крым көпүрөсүнө чабуул Киев режими тарабынан жасалганын айтты.
"Бул террордук режимде уюшуп алган эл аралык кылмыштуу топтун бардык белгилери бар. Чечимди украиналык расмий жана аскердик тараптар америкалык, британиялык атайын кызматтардын, саясатчылардын катышуусу менен кабыл алууда. АКШ менен Улуу Британия террордук мамлекеттик структура", — деген ал өзүнүн Telegram-каналында.
Окуя болгон жерде Тез жардам кызматтары, күч түзүмдөрү тиешелүү иштерин аткарып, тергөө жүрүүдө.
Дүйшөмбүдө Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков кырсыктан жаш кыз жаракат алып, анын ата-энеси набыт болгонун кабарлаган. Россиянын Транспорт министрлиги бүгүн эртең менен Крым көпүрөсүндө кырсык катталганын билдирген. Кол салуунун кесепетинен Белгород облусундагы үй-бүлө — аялы менен күйөөсү көз жумган. Ал эми жарадар болгон кызы кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.
Крым көпүрөсүндөгү кырсыктын кесепетинен эки адам каза болду