Ош шаарында талапка жооп бербеген 19 менчик медициналык жай жабылды

Текшерүүлөр кан аркылуу жугуучу инфекциялардын алдын алуу максатында жүргүзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Ош шаарында талапка жооп бербеген 19 жеке медициналык борбор жабылып, сегиз мекеменин иши укук коргоо органдарына өткөрүп берилди. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдирди.
Сулуулук салондор, тиш дарылоочу кабинеттер, медициналык борборлор, хижама бөлмөлөрү жана ушул сыяктуу жайлар текшерилген.
Вице-мэр Нурбек Кадыров тиешелүү кызматтарга кан аркылуу жугуучу инфекциялардын АИВ, гепатиттин алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасын бергени белгиленди.
Бишкекте заманбап Перинаталдык борбор курулду. Эми Ош менен Таласка да салынат