Радио

Дарыгер: кош бойлуу аял күн нурунан витамин алганды унутпаш керек

№3 Үй-бүлөлүк медициналык борбордун дарыгери Айгүл Муратова кош бойлуу кезде витаминдер аялга канчалык маанилүү экенин айтып берди.
Sputnik
Жай мезгилинде кош бойлуу келиндер ичин күнгө кактап, күндүн нурунан витамин алганга аракеттениш керек. Мындай пикирин Айгүл Муратова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, төрөгөнгө аз убакыт калганда "Д" витаминин ичүү зарыл.
"Аял кош бойлуу маалында бала кан аркылуу тамак-аш кабыл алат. Ошондуктан кыз-келиндерде витаминдер өз дозасында болгону абдан маанилүү. Төрөгөнгө аз убакыт калган келиндер жай мезгилинде балконго чыгып, же жер үйдө жашаса сыртка чыгып ичин ачып, күн нурунан витамин алганга аракет кылуусу зарыл. Бул учурда курсактагы баласына көбүрөөк витамин берген болот. Кош бойлуу аял эки адам үчүн керек болгон заттар өзүндө болушун эстен чыгарбашы керек. Ошондой эле аз күндө төрөй турчу келиндер "Д" витаминин ичип турганы дурус", — деди Муратова.
Ал организмде витамин көп болуп кетсе да ар кандай ооруларга жол ачарын кошумчалады.