БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Вильнюстагы НАТО саммитинин жыйынтыгына комментарий берди. Анын божомолу боюнча, альянс “чоң европалык согуш” жарыялоону чечти. Анын мындай кеби ведомствонун сайтына жарыяланды.
“Вашингтондун башкы максаты — Россияны жеңип, өзүнүн эл аралык аренадагы таасирин сактап калуу. Бул үчүн алар Зеленскийдин режими менен согушту акыркы украиналык жаран калганча улантууга даяр. НАТОнун саммитинде чоң европалык согушту жарыялоо чечими кабыл алынгандай сезилип жатат”, — деди Захарова.
Ал белгилегендей, Батыш аскердик аракеттердин токтоп калышына кызыкдар эмес. Анткени Европа аймагындагы узакка созулган коопсуздук кризисинен өз пайдасын көрүп жатат.
“Анткен менен Батыштын курал-жарак жөнөтүшү атайын операциянын багытын өзгөртө албайт”, — деди Захарова.
G7 мамлекеттери шаршемби күнү НАТОнун Вильнюстагы саммитинде Украинаны колдогон декларацияны жарыялады. Бирок анда айтылган коопсуздук жаатындагы милдеттенмелердин так мөөнөтү жазылган эмес.
Россиянын ТИМи НАТОнун саммитинин жыйынтыгында альянс толук түрдө кансыз согуштун схемасына өткөнүн билдирди. Россияга каршы жарыяланган гибриддик согушта Украинага “чыгым материалы” катары роль даярдалганы белгиленди.