БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов "Кабар" улуттук агенттигине маек куруп, министрлер кабинети менен Жогорку Кеңештин ортосундагы мамиле боюнча пикирин билдирди.
Мамкатчынын айтымында, парламент депутаттары 10 жыл өлкөгө кожоюндук кылып келген. Ал эми 2020-жылы өлкөгө президенттик башкаруу орноп, депутаттар мыйзам чыгарып, алардын аткарылышын гана көзөмөлдөгөн органга айланды.
"Бирок депутаттар мурдагы көнүп калган адаттарынан кете албай жатышат. Чарба иштерине чейин аралашып кеткен учурларды көрүп жатабыз. Бул жерден "Өкмөттүн чарбалык иштерине аралашпагыла" деп Эдил Байсалов туура айтты. Анткени чарбалык иштерди өкмөт аткарыш керек. Жылына бир жолу келип Жогорку Кеңешке отчёт берип турушат", — деди Касмамбетов.
Журналист депутаттар мамлекет башчысына Эдил Байсаловду кызматынан бошотуу жөнүндө сунуш жөнөтүшкөнүн эске салды.
"Президент өзү чечет. Кетирсе да өзү билет, кетирбесе да өзү билет. Азыр башкаруу системасы башка. Мурдагыдай парламенттик башкаруу болгондо Эдил Байсалов дароо отставкага кетмек. Азыр президенттик башкаруу. Депутаттар мурдагы заманды унутуш керек. Баары дегенден алысмын, айрым депутаттар жеке иштери менен эле министрлерди чакыра беришет. Кадр коюп берүү же жеке иштерин чечип берүүсүн талап кылышат. Ошентип министрлердин көп убактыларын алып коюп жатышат", — деди мамкатчы.
Ал 2020-жылдан кийинки президенттик башкаруудан бери өлкөдө бир топ тармакта жылыштар болгонун белгилеген.
"Парламенттик башкаруу системасында "көп суур ийин казбайт" дегендей эле болду. Бир эле фракциянын кызыкчылыгы камтылбай калса өкмөттүк иштер жылдап токтоп турган учурларды көрдүк. Кээ бир учурларда фракцияларды биякка эле коёлу, бир эле депутаттын жеке кызыкчылыгы камтылбай калса кыйкырып чыгып, мамлекеттик орчундуу иштер жылдап токтоп калчу", — деди Касмамбетов.