Генетика — адамдардын, жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн түпкү насили, анын өзгөрүш мыйзам ченемдүүлүктөрү тууралуу илим. Бул илимдин гаплогруппа деген тармагы бар, алар ДНК-генеологияны изилдеп, бир адамдын ата жагы, апа жагы кайда барат, ким ким менен тууган же жакын экендигин аныктап берет. Кыргыздардын элдик салттуу билимдеринде да эмпирикалык генетиканын өз орду болгон. Аны кандай учурлардан көрүп эмнелерден байкайбыз? Биринчи учур — жети ата түшүнүгү. Балдар ата жагынан өзүнүн тегин жаш чагынан жаттап, алардын ким экендигине кызыгып, сурап-билип өсөт. "Жети атасын билбесе – жетесиз" дешет казактар да, кыргыздар да. Улуу кишилер өздөрүнөн жаштарды көрсө, же балдарга учураса, адамдар бири-бири менен жайма-жай отуруп сүйлөшүп калганда жети атасын сураган, же жолугушуунун алгачкы кеби жети атадан башталган. Сурашкандар жети атага чейин кайсы бир аталары бир киши болуп калса, тууган чыгып, кучакташып көрүшүп, бири-бирин конокко чакырган. Кызга жуучулар келгенде да жети ата суралган. Эгер жети атага чейин бир жерден кошулуп калса, алар куда-сөөк болуудан баш тарткан. "Жети ата өтпөй кыз алып-кыз беришпейт", "Жети ата өтпөй келин албайт" деген катуу тартип-эреже болгон.
Жети ата кыргыздарда мындай иреттештирилет:
1.
Ата2.
Чоң ата3.
Баба4.
Буба5.
Жото6.
Жете7.
ТегиКазактарда мындай: 1. Бала. 2. Әке. 3. Ата. 4. Үлкен ата. 5. Баба. 6. Түп ата. 7. Тек ата (Эки элде тең башка да варианттары кездешет).
Кыргыздарда жети атасын билүү милдет болгон жана аны билбей калган адам болгон эмес. Бул урууларды жоголуп кетүүдөн, башка уруулук топтор менен кошулуп кетүүдөн сактаган, адамдарды ынтымакка, туугандыкка чакырган, аларды этнобиологиялык, этномаданий, руханий жактан жакындаштырган, уруу аксакалдарына баш ийүү салтын карманууга мажбурлаган. Уруу тартибин бузгандарды элден чыгарып, журттан кууган. Мына ушундай учурлар болгондо бүт жети атасына доо кеткен. Андай бузукуларды тарбиялоого уруулаштары да жооптуу болгон.
"Манас" эпосунун дээрлик бардык салттуу варианттарынын баш жагы Манас баатырдын ата-теги, түпкү аталары тууралуу баяндоо менен башталат.
Сагынбай Орозбаковдун вариантында Манастын теги: Жакып – Ногой – Көгөй – Түбөй – Бабыр – Байгур – Аланча хан – Каракан (Манас, 1-китеп, СО, 1978, 184).
Тоголок Молдонун вариантында Манастын теги: Жакып – Ногой – Кара кан – Чаян кан – Бөйөн кан – Түмөн кан (ТМ, 1, 19).
Саякбай Каралаевдин вариантында Манастын теги: Жакыпкан – Каракан – Балакан – Ногойкан – Чаянкан – Бөйөнкан (СК, 1, 20-22).
Жусуп Мамайдын вариантында Манастын теги: Жакып кан – Орозду – Кара кан – Чайан кан – Бөйөн кан – Бөтөй – Бөдөнө – Кан Мамай (ЖМ, 292-296) ж.б.
Дагы ошол вариантта (Ж.Мамай) түп ата Угуз хан болот, анын бир тукуму Орозду. Ал ойротто жок чоң болот, Чыңгыш моңгулга да баш бербейт, 90 000 үйлүү эл болот, Эне-Сайды жердейт. Ороздунун беш катынынан он уул төрөлөт: бир катындан – Жакып менен Шыгай, бир катындан – Катаган менен Каткалаң, үчүнчүдөн – Акбалта менен Жамгырчы, төртүнчүдөн – Касиет менен Калка, алардан казактар тарайт, кичи катындан – Текечи менен Кызылтай туулат (Манас: ЖМ, Үрүмчү, 2014. – 302-303-б.).
Жусуп Мамайдын айтканына караганда, Орозду Чыңгыз хан (монголчо Тэмүжин, ал 1155-жылы туулуп, 1227-жылы каза болгон) доорунда аларга баш ийбей, тизе бүкпөй жашаптыр. Ороздунун убагында кыргыздар абдан ырахаттуу, бейпил жашагандыгы ушул вариантта таамай баяндалат. Бул вариантка караганда Манас баатыр XIII-XIV кылымдарда жашаган тарыхый адам болуп чыгат.
Эпостогу мындай баатырдын тегин айтуу ыкмасынын максаты эмнеде? Биринчиси, болочоктогу баатырдын түпкү теги (жети атасы) баары эл башкарган ак сөөктөр экендиги, эми ошол салт Манаска өтүүгө тийиштиги; экинчиси, эпостун кийинки окуяларында жети атадан тараган балдардын ынтымагы жана ыйкы-тыйкылыктары башка адамдарга сабак болуусу керектиги. Эгерде терс сапаттагы адамдар болсо, ошол эле адам эмес, анын жети атасы жектелет. Эпосто "жети ата" түшүнүгү кээде ошол элди биротоло жок кылуу, тукум курут кылуу катары колдонулат. Дагы бир учурда аябай айыгышкан, сөөк өчтү душман болуп калгандарга карата да ушул түшүнүк колдонулат. Абдан көп учурда жети ата – ошол жер мекени, ата журту, бабалары жердеген түпкү теги катары түшүнүлөт.
Кыргыздардын элдик түшүнүгүндө адам жети атасынан бир жеринен чыгат, аларга мүнөзү, жүрүм-туруму, өң-түспөлү, кыймыл-аракети, а түгүл дос-душмандыгы да окшош же жакын болот деген идеялар айтылат.
Ошондой жакындыкты жана жети ата өтпөй кыз алышпоону азыркы заманбап медицина да далилдеп жатат, ал эми кыргыздар ал практиканы миң жылдап колдонуп келген.
Кыргыз элинде "Курама темир курч болот" түшүнүгү бар. Элдик генетиктер балдарга туура тамак берип, ар кандай витаминдер менен камсыздаган. Кыргыздар жалаң эле эт жана сүт азыктарын жей берген эмес, Манас туулганда ага арнап той берип жаткан Жакып "Таза болсун дасторкон" деп "мөмө-чөмө жемишке, так жүз киши жиберет". "Элүү бордоку өгүз союлат, төрт жүз төөгө арттырган, мөмө-жемиш, алты жүз төөгө артылган аппак күрүч, кырк миң чанач меш менен кара мейиз салдырган кызыл арак" келет (Манас, 1-китеп, СО, 1978, 77-78).
Манастын генетикалык жактан уландысы болгону үчүн Семетейди атасындай баатыр, эр жүрөк чыгаруу үчүн куйрук, казы, жал берет, кайратына толсун деп, көнөккө салган бал берет, эрте-кечте жээрине, куурдак менен май берет. Атанын баласы болуу үчүн жалаң эле өңү-түсү, келбети, кыял-жоругу окшобостон, эл үчүн кылган кызматы да окшош керек деген идея айтылат. Чубактын баласы Канчоро атасындай балбан, баатыр болгону менен элге каршы туруп, каршы иштерди иштейт.
Генетикадан түшүнүгү болгону үчүн кыргыздар дүйнөнүн көптөгөн элдеринен айырмаланып, жети ата өтпөй кыз алышпаган, баатырлар атайын алыскы жактан, бөлөк элден хандын кыздарын (ак сөөктөрдү) таап, ошолорго үйлөнгөн, алардан баатыр балдар төрөлгөн (Манас менен Каныкей, Семетей менен Айчүрөк, Курманбек менен Айганыш ж.б.). "Энесин көрүп кызын ал", "Сөөк жаңыртуу", "Аккан арыктан суу агат", "Жатыны жаман жарыбайт", "Бээсин көрүп кулунун ал", "Жакшыдан айгыр сал", "Мурунку көч кайда барса, кийинки көч ошол жакка барат" деген ата сөздөрү мына ошондон калган.
Каны таза болгону үчүн "Манастагы" айрым адамдардын көп жашаганын көрөбүз, мисалы, Жусуп Мамайдын вариантындагы "Семетей" бөлүмүндө жүз жыйырма төрт жаштагы Жамгырчынын кадимкидей душман менен согушкан, бул анын сөөгүнүн тазалыгынын далили.
Таза кандуулук үчүн кам көрүү "Манас" эпосунда адамдарга гана эмес, жаныбарларга карата да айтылат. Каармандар жакшы малды дайыма Айбанбоздун үйүрүнөн алат. Мында үйүр башчы – айгыр Айбанбоз таза кандуу жылкы жаратуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Аккуланын тукуму да, башка күлүктөрдүн тукуму да таза кандуу жылкылардан чыккан. Баатырлар аттардын ата-тегин аябай карашып, анан өздөрүнө тандаган.