БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Бишкектен Россиянын Казань шаарына туруктуу авиакаттамдардын саны көбөйтүлөт. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан кабарлады.
Маалыматка караганда, 15-июлдан тарта "Уральские авиалинии" компаниясы Бишкек — Казань — Бишкек каттамын аптасына бир ирет, ишемби күндөрү аткарганы жатат.
Буга чейин башка авиакомпаниялар дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби жана ишемби күндөрү учуп келген.