Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украиналыктар Россияга каршылык көрсөткүсү келбейт. Сурамжылоонун жыйынтыгы

Аскердик абал курчуп кеткен күндө дагы украиналыктар өз шаарларынан кетпейт, ошол эле учурда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн катарына дагы кошулбайт. Мындай бүтүмгө америкалык изилдөөчүлөр келген.
Sputnik
Украиналык "Рейтинг" социологиялык тобу июнь айынын соңунда Украинанын көзөмөлүндө турган шаар жашоочуларынын маанайы кандай экенин аныктоо үчүн америкалык коммерциялык эмес Эл аралык республикалык институтунун буйрутмасы менен (International Republican Institute IRI) изилдөө жүргүзгөн.
Атайын операция учурунда көпчүлүк украиналыктардын үйү жабыркаган эмес. Жашоочулар алардын аймагында абал курчуп кете турган болсо да Украинанын куралдуу күчтөрүнө кошулбайт жана үйлөрүн дагы таштап кетүү ниетинде эмес. USAID (АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги) уюмунун каражатына жүргүзүлгөн изилдөөнүн ушул жана башка жыйынтыктары тууралуу Sputnik агенттигинин материалынан окуңуз.

Каршылык көрсөтүү каалоосу жогорку деңгээлде эмес

Украиналык социологиялык "Рейтинг" тобу USAID каржылык колдоо көрсөткөн америкалык коммерциялык эмес IRI уюмунун буйрутмасы менен Украинанын көзөмөлүндөгү 21 шаарда туруктуу жашаган жашоочуларды (россиялык Запорожьеде дагы) сурамжылоого алган.
Изилдөөнүн алкагында 18 жаштан жогорку курактагы 16,8 миң адам сурамжыланган.
Респонденттерге эгер алар жашаган аймакка жакын жерде аскердик абал курчуп кете турган болсо эмне кылары тууралуу суроо берилген. Көбү башка жакка кетүү ниети жок экенин, өздөрүнүн эле шаарларында каларын айткан.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн катарына кошулуп россиялык жоокерлерге каршылык көрсөтүүгө көптөр даяр эмес экени аныкталган. Болсо дагы каалоочулардын көпчүлүк бөлүгү (14-17%) Украинанын батыш тарабындагы шаарларга туура келген (аскердик аракеттер чыгышка салыштырмалуу төмөн).
Харьковдо сурамжылоого катышкандардын 6 пайызы гана аскердик абал курчуп кетсе колго курал ала турганын билдиришкен. Одессада, Чернигов менен Запорожьеде 8%, Николаевде 9 пайызды түздү.
Американын акчасына жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы украин пропагандасы жайылткан маалымат менен анча дал келбейт.

Бомбадан коргонуучу жайлар боюнча көйгөй

Изилдөөнүн алкагында Украинада дагы деле бомбадан коргонуучу жайлардын сапаты өтө начар экени аныкталган. Бул тууралуу берилген суроого 18 шаардын тургундары "начар", "өтө начар" же "кызмат жеткиликтүү эмес" деп жооп беришкен.
Аскердик аракеттер анча активдүү эмес батыштагы Ужгород жана Ивано-Франковск шаарларында "жооп берүүдөн тартынып турам" дегенге караганда, жогорудагыдай жооптор көбүрөөк болду. Ал эми батыштагы Тернополь жана Луцк шаарларында "жооп берүүдөн тартынып турам" деген жооптор "жаман" дегендер менен бирдей эле болду.
Одессада болсо "жооп берүүдөн тартынып турам" деп канча адам айтса, "начар", "өтө начар" дегендер да ошончо болгон.

Россия турак үйлөрдү бомбалап жатабы же жокпу?

21 шаардын жашоочулары согуштун натыйжасында үйлөрү жабыркаган-жабыркабаганы тууралуу суроого кызыктуу жоопторду беришти.
Украин бийлигинин Россия террорчу мамлекет, турак жайларды атайылап талкалап, жергиликтүү калкты геноцид кылып жатат деген сыяктуу пропагандасын эске алганда жашоочулардын жообу кызык болду.
Бардык шаарлардагы сурамжылоого катышкандардын көпчүлүк бөлүгү Россия жүргүзүп жаткан атайын операциянын алкагында алардын үйлөрү жабыркабаганын билдиришкен. Мындай жоопту 21 шаардын ичинен 18индеги 100% респондент ушундай жооп беришкен. Николаевде – 73, Черниговдо – 66, Харьковдо – 60 пайызды түзөт.
Николаевдеги 20 пайыз жашоочунун турак жайы азыраак жабыркаган. Ушундай эле көрүнүш Чернигов элинин 24 пайыз, Харьков элинин 30 пайызында катталган.
Жалпылап айтканда, Чернигов менен Харьковдон сурамжылангандардын 93, 90 жана 90 пайызынын үйү аскердик аракеттерден улам талкаланган эмес же бир аз гана жабыркаган.
Баса, сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, көпчүлүк респонденттердин жабыркаган турак үйлөрүн калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн эмес же жарым-жартылай гана жасалган. Бул тууралуу үйү жабыркагандардын Черниговдогу 63 пайызы (34 пайызыныкы жарым жартылай калыбына келтирилген, 29 пайызында иштер жүргөн эмес), Харьковдо 79 пайыз (29% жана 50%), Николаевде — 82 пайызды (20% жана 62%) түзөт.
Үйү калыбына келтирилген тургундардын көпчүлүгүнүн чыгымы украин бийлиги тарабынан эмес, жашоочулардын өз чөнтөгүнөн төлөнгөн. Бул тууралуу Николаевде сурамжылоого алынгандардын 71 пайызы, Харьковдо 45 пайызы, Черниговдо 77 пайызы айткан. Ал эми мамлекеттик каражатка калыбына келтирүү иштери Николаев тургундарынын 19 пайызында, Харьковдо 46, Черниговдо 12 пайызынын үйүндө жасалган. Ошол эле Черниговдо калыбына келтирүү иштердин көпчүлүк бөлүгү кайрымдуулук уюмдар менен фонддордун (26%), эл аралык уюмдардын (13%) жардамы менен ишке ашты.
Жогоруда аталган үч шаардын бири дагы мамлекет тарабынан колдоо алууга үмүт артпайт. Николаевдиктердин 65 пайызы үйлөрүн өз каражатына оңдоп алууну пландап жатат. Ушундай эле жоопту Харьковдун 47%, Черниговдун 71% тургуну берген.

Эмиграция тууралуу кызыктай жооптор

Сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү аскердик операция башталгандан бери Украинадан чет өлкөгө чыгып кеткен туугандары жок экенин билдиришкен. Респонденттердин 49-72 пайызы алардын үй-бүлө мүчөлөрү башка мамлекет мындай турсун, Украинанын башка облусуна да көчпөгөнүн айтышкан.
Кызыгы, украиналыктардын тышка чыгып кеткен туугандарынын саны (болжол боюнча сурамжыланган 16,8 миң адамдын 5,7 миңи) 1-4 пайызды гана түзгөн (Россияга көчүп кеткендер).
Ал эми БУУ дүйнө жүзүндө 6,33 миллион украиналык качкын болсо, анын 1,28 миллиону Россияга (башка мамлекеттерге караганда эң көп) кеткенин айтып келет.
USAID каражатына өткөрүлгөн сурамжылоонун мындай жыйынтыгы үч нерсе тууралуу кабар берет: Америка акчасына иштеп жаткан иликтөөчүлөргө тууган-туушканы Россияга кетпеген тургундар кез келген, же Украинанын көзөмөлүндөгү шаар тургундары жакындарынын сапар алган жагын айтуудан коркот, болбосо IRI жарыялаган иликтөөнүн жыйынтыгы чындыктан алыс.
Бул жагдайды төмөндө келтирилген сурамжылоонун жыйынтыгы менен таанышууда эске алуу зарыл.

НАТОго кирүү жана орус тилинин тагдыры

Аты-жөнү ачыкталбаса да адамдардын суроолорго жооп берүүдөн кооптонгон шартында деле Одессада сурамжылангандардын 47 пайызы Украинанын НАТОго кошулушун колдогон эмес. Ушундай эле жоопту харьковдуктардын 38 пайызы, днепрликтердин 31 пайызы, николаевдиктер менен Запорожье тургундарынын 28 пайызы да берген.
Ошол эле учурда Украинанын НАТОго мүчө болуп кирүүсүн өлкөнүн батышы катуу колдойт, алсак, Львовдо сурамжылангандардын 98 пайызы макулдугун билдирген. Альянска кошулууну каалаган (88-92 пайыз) башкы беш шаар — Львов, Луцк, Ивано-Франковск, Тернополь жана Ровно батыш Украинада жайгашкан.
Кошумчалай кетсек, аталган иликтөөнүн жыйынтыгы менен Украинанын түштүк-батышындагы төрт ири шаардын жана Киевдин көзөмөлүндөгү россиялык Запорожьенин тургундары үйдөн орус тилинде сүйлөшөрүн белгилешти. Мындай жоопту Николаевде сурамжылоого алынгандардын 61 пайызы, Днепрде 66, Запорожьеде 67, Харьковдо 78 жана Одессада 80 пайызы берген.
Булардан тышкары, үйүнөн орус тилинде Киевде сурамжылангандардын 38, Черниговдо 41 пайызы сүйлөй турганы айтылды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Украинанын НАТОго кирүү ыктымалдыгы боюнча суроого жооп берди
Путин: дүйнөдө геосаясий карама-каршылык курчуп баратат