Сейсмологдор Түркияда ири жер титирөө болушу мүмкүн экенин боолголошууда

6-февралга караган түнү Түркиянын түштүк-чыгышында магнитудасы 7,7ге жеткен жер титирөө болуп, бир нече сааттан кийин кайра кайталанган. Зилзала 50 миңдей адамдын өмүрүн алды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Түркияда болушу ыктымал деген жер титирөө 25 миллион кишиге кедергисин тийгизиши мүмкүн. Бул тууралуу Стамбул мэриясынын окумуштуулар кеңешинин жер титирөө маселелери боюнча мүчөсү Халюк Эйидоган айтканын РИА Новости жазды.
"Божомолго ылайык, жарака активдеше турган болсо Мрамор деңизинде катуу жер титирейт. 2030-жылга чейин болчу ыктымалдуулугу 50 пайызды түзөт. Мындай жыйынтык аталган региондо 2000 жылдан бери болгон жер титирөөлөрдү иликтегенден кийин чыкты", — деген эксперт.
Анын айтымында, болушу мүмкүн делген зилзала калкы 25 миллион кишиден ашкан жети провинцияны камтыйт, кырсыктын экономикалык кесепетин "Түркиянын бардык аймагы сезет".
Эскерте кетсек, 6-февралга караган түнү Түркиянын түштүк-чыгышында магнитудасы 7,7ге жеткен жер титирөө болуп, бир нече сааттан кийин кайра кайталанган. Силкинүүнүн күчү Сирия, Ливия, Ливан сыяктуу чектеш мамлекеттерде сезилген.
Акыркы маалымат боюнча, зилзала 50 миңден ашуун кишинин өмүрүн алып, өлкөнү 104 миллиард долларлык зыянга кептеди.
Жер титирөө болорун алдын ала айтууга мүмкүнбү? Эксперт жооп берет