Жакартадагы АСЕАН жолугушуусу. Лавровду тегеректеген журналисттердин видеосу

ТИМ башчысынын иш программасы тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги Россия — АСЕАН жолугушуусу менен башталды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Индонезиянын Жакарта шаарында өтүп жаткан АСЕАН жолугушуусун чагылдырып жатканы чет элдик журналисттердин чоң кызыгуусун жаратты. Бул тууралуу РИА Новости жазып, видеосу жарыяланды.
ТИМ башчысынын иш программасы тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги Россия — АСЕАН жолугушуусу менен башталды. Андан соң пландалган эки тараптуу жолугушууларга бет алган Лавровду холлдон журналисттер тосуп алган. ЖМК өкүлдөрү кол чаап, министрдин атын айтып, көңүлүн бурууга аракет кылышкан.
Камераларды жаап калбаш үчүн айрымдары жерге отуруп алган репортёрлор жакындап келген Лавровго туш-туштан суроо жаадыра башташкан. Соболдор англис тилинде болбогондуктан дипломат аларды түшүнгөн эмес. Лавров жерге отуруп алгандардын туруусун өтүнүп, чогуу сүрөткө түшүүнү сунуштаган.
Бир нече кадрдан кийин министр журналисттердин колун кысып, ийгиликтерди каалаган.
Лавров: Батыш дүйнөлүк үстөмдүгүнө ЖККУ коркунуч жаратат деп коркот