БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кечээ, 12-июлда, Улуттук банк валюта рыногуна 43 миллион 555 миң доллар сатты.
Адатта аталган орган валюта курсунун туруктуулугун кармоо үчүн доллар сатат же сатып алат.
Интервенциядан кийин долларды сатуу боюнча орточо курс дээрлик өзгөргөн жок, ал эми сатып алуу 11 тыйынга кымбаттады.
Бул үстүбүздөгү жылдын онунчу интервенциясы. Эске салсак, июлдун башында доллардын курсу өсө баштаган, мисалы, 4-июлда сатуу 88 сом болсо, учурда болжол менен 88,3 сом болууда.
Эрежеге ылайык, мындай интервенцияда операциялар накталай эмес түрүндө болот.