Ысык-Көлдө Россия берген дрондор менен кара куурай өскөн жер аныкталды

Дрондор Кыргызстан тарапка бир жыл мурда өткөрүп берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө Россия берген пилотсуз учуучу аппараттардын жардамы менен кара куурай өскөн жерлерин аныктоо боюнча изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу РФтин КРдеги элчилиги кабарлады.
Изилдөө 19-24-июнь күндөрү ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук башкармалыгынын программалык кеңсеси тарабынан жүргүзүлгөн.
Кыргыз тарапка 2022-жылы өткөрүп берилген пилотсуз учуучу аппараттардын жардамы менен 250 гектар жердеги аянтчалар сүрөткө тартып алынган. Алар баңгизатка каршы күрөшүү боюнча мониторинг жүргүзүүдө колдонулат.
2018-2023-жылдары Россия тарап КР ИИМинин Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ишин илгерилетүү үчүн жалпы жонунан 1,45 миллион доллар бөлгөн.
Контрабандалык дары-дармектерди Өзбекстанга жөнөтмөк болгон киши кармалды