РКӨФтин колдоосу менен Таласта жаңы медициналык борбор ачылды

Жергиликтүү тургундарга атайын Бишкекке барып отурбай ушул клиникадан эле текшерүүдөн өтүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Таласта Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен заманбап медициналык-диагностикалык комплекс (аянты 990 чарчы метр) пилоттук режимде ачылды. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди.
"Берди" компаниясынын долбоору 2020-жылы "Региондордогу стартап-долбоорлорду каржылоо" конкурсунун алгачкы жеңүүчүлөрүнүн бири. Натыйжада оорукананын курулушуна РКӨФ тарабынан 27,3 миллион сом бөлүнгөн.
"Жаңы медициналык борбор заманбап жабдуулар менен жабдылып, Талас облусундагы медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн деңгээлин жогорулатты. Ал жерден күн сайын 30дан ашуун адам аппараттык диагностика (УЗИ, компьютердик томография) кызматтарын жана адистерден кардиология, офтальмология, хирургия жана башка тармактар боюнча консультацияларды ала алышат", — деп айтылат маалыматта.
Муну менен Таластын тургундарына атайын Бишкекке барып отурбай ушул клиникадан эле текшерүүдөн өтүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.
Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун директору Артём Новиков өкмөт менен президенттин саясаты ишкердик демилгелерди жүзөгө ашыруу үчүн болушунча жакшы шарттарды түзүүгө багытталганын билдирди.
"РКӨФ мындай күч аракеттерди колдойт жана өлкөнүн бүт регионундагы бизнеске каржылык, институционалдык, ошондой эле административдик жактан көмөк көрсөтүүгө даяр. Андай долбоорлор үчүн гранттык каражатты аябайбыз", — деди Новиков.
Бишкекте заманбап Перинаталдык борбор курулду. Эми Ош менен Таласка да салынат