Радио

Күн катуу ысыганда эмнелерди эске алыш керек? Адистин жообу

Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтунун илимий катчысы Айкүл Исмаилова катуу ысыктан сактануу жолдорун айтып берди.
Sputnik
Аба ырайы кескин өзгөрүп, күн катуу ысып кеткенде сөзсүз баш кийим кийиш керектигин Айкүл Исмаилова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, абанын температурасы жогорулаганда ар бир адам тамактануусуна өзгөчө көңүл бурушу шарт.
"Соңку жылдарда климаттын өзгөрүшү эң актуалдуу маселелердин бири болуп келе жатат. Күн катуу ысып кеткенде ар бир киши жөнөкөй эрежелерди сактоого тийиш. Карылар жана балдар мүмкүн болушунча күн кайнап турган маалда сыртка чыкпай эле койгону дурус. Анткени аба ырайы кескин өзгөрүп, абанын температурасы жогорулаганда ар кандай оорулардын сезгенишине себеп болушу мүмкүн. Бул жерде кары-жаш дебей тамактанууга өзгөчө көңүл буруу шарт. Сыртка чыкканда сөзсүз колдо суу болуш керек. Майлуу тамактан качып, салат жана жер-жемиштерди көбүрөөк жегенге аракет кылыш керек", — деди Исмаилова.
Ал күн катуу ысып жатканда өтө муздак, газдалган суусундуктарды ичүү ден соолукка зыян экенин кошумчалады.