Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды жарнамалоого тыюу салынды

Министрлик мындай суусундуктар ден соолукка олуттуу зыян келтирерин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарды жарнамалоого тыюу салынганын билдирди.
Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров 3-июлда кол койгону айтылат.
"Энергетикалык суусундуктар — стимуляторлорду камтыган суу, кант, кофеин, минералдар, витаминдер жана гуарана, таурин, женьшень сыяктуу окшош курамдан турган суусундуктун түрү. Курамында кант жана кофеиндин көптүгүнөн улам ден соолукка зыян. Айрым түрлөрүнүн бир порциясында 100 миллиграмм кофеин камтылган, бул кадимки порциядан 8 эсе көп. Мындай суусундукту ичүү кандагы канттын өлчөмүн жана артериалдык басымды жогорулатат, өзгөчө жашы жете элек өспүрүмдөргө кооптуу. Аталган суусундуктун бир банкасында 27 кашык кант камтылган", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле министрлик адатка айланган энергетикалык суусундук жүрөктүн функциясын бузарын белгиледи. Жүрөктүн согуу ыргагына терс таасир берет, убакыттын өтүшү менен жүрөк чоңоюп кетиши мүмкүн.
Кыргызстанда акча алмаштыруу жайларын жоюп салуу сунушталууда