13-июлга карата аба ырайы

13-июлга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +36...+41, Таласта +34...+39, Ысык-Көл өрөөнүндө +27...+32, ал эми Нарында +29...+34 градус ысыйт.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкекте +38...+40, Ошто +39...+41, ал эми Чолпон-Атада +27...+29 градуска жетет.
Радио
Күн катуу ысыганда эмнелерди эске алыш керек? Адистин жообу