БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы акимчиликтер жана муниципалдык аймактык башкармалыктар арасында сынак жарыялайт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Алар — "Эң жакшы короо", "Эң жакшы квартал" жана "Бишкек шаарынын мэриясынын эң жакшы муниципалдык администрациясы", "Бишкек шаарынын мэриясынын эң жакшы муниципалдык аймактык башкармалыгы" наамдары.
Мыкты короо, квартал жана мыкты муниципалдык аймактык башкармалыгы жарышы эки этап менен өтөт:
биринчи этап администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациялары тарабынан;
экинчи этап конкурстун биринчи этабынын жеңүүчүлөрүнүн ичинен жеңүүчүлөрдү аныктоо менен Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулат.
Конкурстун II этабынын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөрдү сыйлоо жүргүзүлөт.
Ал эми эң жакшы муниципалдык администрацияны аныктаган конкурс бир этаптан турат.
"Эң жакшы короо" конкурсу — 1991-жылга чейин пайдаланууга берилген үйлөр жана 1991-жылдан кийин пайдаланууга берилген үйлөр деп эки категория боюнча өткөрүлөрү айтылды. Анын байге фонду 460 миң сомду түзмөкчү.
Ал төмөндөгүдөй бөлүштүрүлөт:
I орун – 100 миң сом, орундардын саны – 2;
II орун – 80 миң сом, орундардын саны – 2;
III орун – 50 миң сом, орундардын саны – 2.
"Эң жакшы квартал" конкурсунун байге фонду 300 миң сомду түзөт жана төмөндөгүдөй бөлүштүрүлөт:
I орун – 130 миң сом, орундардын саны – 1;
II орун – 100 миң сом, орундардын саны – 1;
III орун – 70 миң сом, орундардын саны – 1.
Конкурска катышуу үчүн табыштамалар 2023-жылдын 15-августуна чейин кабыл алынат.
“Конкурстар Бишкек шаарынын тургундарынын демилгелерин колдоо, калааны тазалоо, көрктөндүрүү, өнүктүрүү боюнча иштерди аймактык деңгээлде уюштурууга багытталган. Муниципалитеттин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө дем берүү максатында өткөрүлөт”, — деп айтышты мэриядан.