Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: НАТО өлкөлөрү саммите Киевге эмне убада берерин аныктай албай жатышат

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдиргенине караганда, саммитте Украинаны альянска алышпайт.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. НАТОго мүчө-мамлекеттер Вильнюста (Литва) боло турган алдыдагы саммитте Киевге эмне убада берерин так аныктай албай, бир пикирге келе албай жатат. Бул туурасында New York Times басылмасы расмий адамдарга шилтеме кылып жазды.
Гезиттин маалыматына таянсак, жолугушуунун жыйынтыгы боюнча коммюникеде “Украинанын НАТОдогу татыктуу орду” тууралуу билдирүү болушу мүмкүн. Макалада альянста бирдиктүү позиция жок болуп жатканы айтылып, "жагдайлар жол бергенде" деген сөздү кошуу зарылбы, аны майда-чүйдөсүнө чейин сүрөттөп жазуу керекпи деген маселе коюлган.
Саммитте аталган уюмга Украинаны да, Швецияны да кабыл алышпай турганы айтылды. Ошол эле учурда аскердик блоктун ичинде консолидацияны сактоо улам кыйындап бара жатканы белгиленген.
Украина бийлиги НАТОго тездетилген тартипте кирүүнү талап кылып жатат. Киев саммитте каралган башка чечимдерге макул эместигин бир нече жолу билдирген. Анткен менен альянс мүчөлөрүнүн ичинде "согуш оту күйүп жаткан кезде" Украинаны катарына кабыл алуу боюнча консенсус жок. Мындай кадам алар үчүн Россия менен чатакташуунун башталышы дегенди билдирет.
Москвадан Киев режиминин альянска кирүүгө баш коюшу атайын операциянын башталышынын себептеринин бири экендигин, учурда кырдаалга дыкаттык менен көз салып турушканын айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Financial Times: НАТО Киевди болушунча колдой турганын жар салат