Радио

"Улуттук" макамы бар стратегиялык долбоорлорго инвестицияны кимдер алат?

Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова стратегиялык инвестициялык долбоорлор мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоо таап, "улуттук" макамы артыкчылыктуу багыттарга берилерин айтты.
Sputnik
Президент Садыр Жапаровдун "Улуттук стратегиялык инвестициялык долбоорлор жөнүндөгү" жарлыгы чыгып, экономикалык реформаларды жүргүзүүгө, чыңдоого багытталган. Ага байланыштуу улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун тандоо тартиби жөнүндө регламент даярдалды. Бул тууралуу Айнура Үсөнбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, дүйнөдөгү кырдаалды эске алып, өлкө экономикасын туруктуу өнүктүрүү, инвестициялык потенциалды арттыруу үчүн реформалар керек.
"Президент Садыр Жапаровдун "Улуттук стратегиялык инвестициялык долбоорлор жөнүндөгү" жарлыгы экономикалык реформаларды жүргүзүүгө, чыңдоого багытталган. Ага байланыштуу улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун тандоо тартиби жөнүндө регламент даярдалды. Ал эми стратегиялык инвестициялык долбоорлор мамлекет тарабынан ар тараптуу колдоо таап, "улуттук" макамы экономиканын артыкчылыктуу багыттарына берилет. Бирок көбү аны туура эмес түшүнүп, мамлекеттик деңгээлдеги гана долбоорлорго берилет деп ойлоп жатышат. Аймактык долбоорлорго да улуттук макам берилет. Анткени ал региондун өнүгүшүнө шарт түзүп жатпайбы. Артыкчылыктуу багыттарга экспорт, импортту алмаштыруу, энергетика, айыл чарба, өнөр жай жана кайра иштетүү, туризм, курулуш, саламаттык сактоо, фармация, соода-логистикалык чөйрө жана жашыл технологиялар кирет. Мындай чечим ишкердин бизнесин өнүктүрүүгө, инвестициялык дараметин арттырууга жол ачат", — деди Үсөнбекова.
Ошондой эле адис улуттук стратегиялык инвестициялык долбоорлорду колдоо тажрыйбасы дүйнөдө ийгиликтүү иштеп жатканын кошумчалады.