Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кытай АКШнын Киевге өтө кооптуу ок-дары бере турганы боюнча үн катты

ТИМ өкүлү Пекин кризисти сүйлөшүүлөр менен гана чечүүгө болот деп эсептеп келерин эске салган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Киевге чачырама ок-дары берүү гуманитардык олуттуу көйгөйлөрдү жаратып, Украинадагы кырдаалды ого бетер курчутат. Бул тууралуу Кытайдын ТИМинин өкүлү Мао Нин брифингде билдиргенин РИА Новости жазды.
"Арбын өлкөлөр буга каршы чыгышты, жоопкерчиликсиз берилип жаткан чачырама ок-дарылар гуманитардык көйгөйлөрдү оңой-олтоң эле жаратып коёт. Аны теңдештирип чечиш керек, ал куралдарды берүүдө абайлап, кылдаттык менен мамиле жасоо зарыл", — деген дипломат.
Ал Пекин кризисти жападан-жалгыз — сүйлөшүүлөр жолу менен гана чечүүгө болот деп эсептеп келерин эске салган.
"Тиешелүү тараптар кырдаалды курчутуп, украин кризисин тереңдеткен жагдайды жаратып, отко май куйбашы керек", — деген Мао Нин.
Өткөн аптада Вашингтон Украинага чачырап жарылган ок-дарыларды бере турганын жарыялаган. Мындай типтеги снаряддарга 123 мамлекет ратификациялаган эл аралык конвенция тыюу салат. Ал өлкөлөрдүн арасында АКШ, Кытай, Россия жана Украина өзү да бар. Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, украиналык аскерлер аны Донецкиде үч ирет колдонгон.
Чачырап жарыла турган бул ок-дарылар өзү жок болуп кетпейт. Америкалык аскерлердин айтымында, алардын бештен 14 пайызга чейинки бөлүгү такыр жарылбай калышы мүмкүн. Буга алардын кампада бир топ убакыттан бери жатканы себеп болот. Мындай болгон учурда алар согуштан кийин жөнөкөй жүргөн эл үчүн кадимки минадай эле кооптуулук жаратып калат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Элчилик: АКШ Украинадагы кылмыштарын мойнуна алды