"Иннопром-2023: премьерлер заманбап темир тулпарларды көрүштү. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Россия, Казакстан жана Беларустун өкмөт башчылары Михаил Мишустин, Алихан Смаилов жана Роман Головченко Екатеринбургдагы "Иннопром-2023" көргөзмөсүндө болушту.
Видеону Sputnik Казакстан Telegram каналы жарыялады.
Алар Россия — Кытай ЭКСПОсундагы экспозициялар менен таанышканын РФ өкмөтүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Үч премьер-министр Changan Automobile компаниясынын продукциялары, тагыраагы, AVATR II электрокроссовери, спорттук UNI-T кроссовер жана спорттук UNI-V лифтбек менен таанышып, жакындан көрүшкөн.
Россиянын вице-премьери Кыргызстандан чыккан лифтке баа берди. Видео