БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. D витамининин жетишсиздиги рак жана кант диабети өңдүү ооруларды күчөтүп салышы мүмкүн экенин Sputnik радиосуна гастроэнтеролог, терапевт Наталья Сычева айтып берди.
Ошондой эле бул витамин аз болсо салмак кошуларын эскертти.
"D витамининин жетишсиздигинен сөөк тканында заттардын алмашуусу начарлап, остеопороз жаралышы мүмкүн. Ал эми балдар итий болот. Мындан сырткары, рак ооруларын, өзгөчө эмчек безинин шишигин өрчүтүшү ыктымал. Экинчи типтеги кант диабетке да ушул себеп. Ошондой эле D витамини углевод жана май алмашууга таасир эткендиктен, салмак дагы андан көз каранды", — деди Сычева.
Дарыгер толук адамдардын күндөн D витаминин алышы кыйын экенин айтты.
"Анткени витаминди май ткандары соруп алат. Айрымдар күндөн коргоочу кремди көп сүйкөп алганы үчүн дагы витаминди ала албай калат. Андан сырткары, кара терилүүлөр күндөн витамин алышы оор", — деди адис.
Ал витаминди тамак-аштан же дарыгердин кеңеши менен таблетка түрүндө да алууну сунуштады.