Асанкан Жумакматов менен Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгына даярдык башталды

Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. СССР эл артисттери Асканкан Жумакматов менен Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитеттери түзүлгөнүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Уюштуруу комитеттеринин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо милдети Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлгөн. Ал эми юбилейлик иш-чараларды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар тартылган мамлекеттик органдардын бюджетинин, гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттын эсебинен ишке ашырылат.
Дирижер, СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III даражадагы Манас орденинин ээси Асанкан Жумакматов 1923-жылы 16-июлда Чүй облусунун Ысык-Ата айылында жарык дүйнөгө келген. Үч жашка чыкканда атасы бай-манап деп камалып, Сибирге сүргүнгө айдалган. Алты жашында бир тууган агасы жана энеси менен Украинага жөнөтүлүп, алар Одесса облусунун Скадов районундагы Чалбасы айылында жашап, балдар үйүндө чоңойгон. Атасы Кыргызстанга келип, үй-бүлөсүн таппай издеп жүрүп дайынсыз болуп кеткен. Ошентип кичинекей Асанкан өз атасын көрбөй калган. Болочоктогу дирижёр бөтөн жерде жакындары менен сегиз жыл жашап, ал жакта тил үйрөнүп, музыкага кызыгуусу күчөгөн.
СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева 1923-жылы 20-октябрда Чүй облусундагы Төкөлдөш айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.Чыгармачылык жолун 1936-жылы Жаш көрүүчүлөр театрынан баштап, Лопе де Веганын "Койлуу булак" драмасында Лауренсиянын ролун аткарып, сахнага 13 жашында чыккан. Кино жаатына биринчилерден болуп 1955-жылы кыргыздын алгачкы толук метраждуу "Салтанат" тасмасына башкы ролду ойноп тартылып, аралашкан.
Айтматовдун 95 жылдыгын өткөрүп, 100 жылдыгына даярдык көрчү комитет түзүлдү