Радио

Баетова: өлкөдө кан басымы жогору экенин билбей жашап жүргөндөр өтө көп

Саламаттык сактоо министрлигинин башкы геронтологу, медицина илимдеринин доктору, профессор Гүлмира Баетова жүрөк-кан тамыр ооруларынан көз жумгандардын саны боюнча Кыргызстан дүйнөдө сап башында турарын айтты.
Sputnik
Башка өлкөлөрдө жүрөк-кан тамыр ооруларынын 32-34 пайызы өлүм менен коштолсо, бул көрсөткүч Кыргызстанда 51,6 пайызды түзөт. Андан кийинки орунда онкологиялык дарттардан көз жумгандар турат. Мурда өлкөдө бул илдеттен жапа чеккендер тогуз пайызды көрсөтүп келсе, соңку төрт жылда кескин өсүп, учурда онкологиялык оорулардан каза тапкандардын саны 13 пайызга жетти. Бул тууралуу Гүлмира Баетова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жүрөк-кан тамыр ооруларынан калктын көп пайызынын жапа чегишинин биринчи себеби тоолуу климат болсо, экинчиси — адамдардын туура эмес тамактануусу жана жашоо образы.
"Башка өлкөлөрдө жүрөк-кан тамыр ооруларынын 32-34 пайызы өлүм менен коштолсо, бул көрсөткүч Кыргызстанда 51-52 пайызды түзөт. Чоң кишилердин 32 пайызы жогорку кан басымынан жапа чексе, бизде бул көрсөткүч 60 пайызга жетет. Мунун 50 пайызы — өзүнүн кан басымы жогору экенин билбей эле жашап жүргөндөр. Кан басымы жогору экенин билген калган 50 пайыздын жарымы да дарыгерге кайрылбай өз алдынча дары-дармек ичип жүргөндөр. Ал эми калганы дарыгерге кайрылып, дарыланып жүргөндөрүнүн да 50 пайызы кан басымын оптималдуу көрсөткүчкө түшүрбөй, жогорку басымга организмди кыйнап көндүрүп жүрө бергендер. Оптималдуу кан басым 135тен жогору болбош керек. Бирок бизде күнүмдүк кан басымын 160ка чыгарып алгандар көп. Буга биринчи кезекте тоолуу климат, экинчиден, адамдардын туура эмес тамактанып, туура эмес жашоо образын түзүп алганы себеп. Кан басымдын жогору болушу адатта улгайган курактан башталат деп ойлойбуз. Бирок туура эмес жашоо образынан улам бизде 25-30 жашта эле мындан жабыркагандар бар. Андыктан эркектер 40, аялдар 55 жаштан соң жыл сайын текшерүүдөн өтүп, жүрөк-кан тамыр системасына олуттуу көңүл бурушу зарыл", — деди Баетова.
Ал бакубат карылыкка жетүүгө жаш кезден кам көрүү зарылдыгын кошумчалады.