Оштогу кафеде газ баллон жарылып, бир киши каза болду

Иштеген кызматкерлер суракка чакырылып, жетекчилердин жоопкерчилиги дагы каралууда.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Ош шаарындагы Мамыров көчөсүндө жайгашкан тамактануучу жайда газ баллон жарылып, 36 жаштагы Ш.Н. аттуу тургун каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.
ШИИБге кырсык тууралуу маалымат бүгүн саат 16:00дөрдө түшкөн.
"Аталган окуя Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын электрондук журналына каттоого алынып, иликтөө иштери башталды. Кырсыктын себептерин аныктоо максатында тиешелүү экспертизалар дайындалды. Иштеген кызматкерлер суракка чакырылып, жетекчилердин жоопкерчилиги дагы каралууда", — деп айтылат маалыматта.
ШИИБ иликтөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилерин белгиледи.
Сузакта 24 жаштагы жигитке чагылган тийип каза болду