Эгемендүүлүк күнү Ошто белгиленет. Эмнелер курулуп, кайсы имараттар оңдолууда

Көчмө жыйынды жетектеген Жунушалиев борбордук аянтында өтө турган иш-чараларга даярдык менен дагы таанышып, иштерди ыкчам жүргүзүүнү тапшырды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн Ош облусунда белгилөөгө байланышкан даярдык иштери кызуу жүрүп жатканын министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүдө президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги Айбек Жунушалиев өткөргөн көчмө жыйынга майрамды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу, президенттин Ош облусундагы өкүлү, Ош шаарынын мэри жана жергиликтүү мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү катышты.
Белгилей кетсек, өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата бир катар инфраструктуралык объектилер реконструкцияланып, жаңы курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Алар:
"Алымбек Датка" этнографиялык комплекси, "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Мында 57 метр узундуктагы мамлекеттик тууну орнотуу үчүн курулуш иштери жүрүүдө;
Ош мамлекеттик университетинин айланасы реконструкцияланып жатат. Мында мамлекеттик жана саясий ишмер Насирдин Исановдун туулган күнүнүн 80 жылдык мааракесине карата эстелигин тургузуу пландалууда;
Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын айланасы, Сүйүмбаев атындагы Ош шаардык стадиону, ошондой эле Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн ат майданы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө.
Жунушалиев Ош шаарынын борбордук аянтында өтүшү пландалган иш-чараларга даярдык менен дагы таанышып, иштерди ыкчам жүргүзүүнү тапшырды.
Ош шаарында Үй-бүлө, сүйүү жана ишеним күнү белгиленди