Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Байден жаңжал бүткөнчө Украина НАТОго кирсе кесепети кандай болорун айтты

Байден Киевди альянска чакыруу боюнча НАТОнун өзүндө консенсус болбой жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Жаңжал бүткөнгө чейин Украинаны НАТОго кабыл алуу Россия менен түздөн-түз кагылышууга алып келет. Бул тууралуу АКШнын президенти Жо Байден билдиргенин RT телеканалы жазды.
Байдендин айтымында, Вашингтон "НАТОнун ар бир дюймун толук коргойт".
"Эгер согуш чыкса, биз баарыбыз ага катышабыз", — деди ал.
Ошону менен катар президент эгер иштер ушундай жол менен кетсе, АКШ Россия менен согушуу абалына келет деген пикирин билдирди. Ал Москва менен жаңжалы күчөп жаткан маалда Киевди альянска чакыруу боюнча НАТОнун өзүндө консенсус болбой жатканын белгиледи.
Байден жаңжал бүткөндөн кийин Кошмо Штаттар Украинага Израиль сыяктуу коопсуздук кепилдигин камсыздап берүүгө даяр экенин билдирген. Бирок мындай чечим салгылашууну толугу менен токтотуп жана тынчтык келишимине кол коюлгандан кийин гана кабыл алынышы мүмкүндүгүн белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский контрчабуул боюнча Батышты шаштырып жатканын айтты