БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Жайында көпчүлүк автоунаанын айнегин ачып, бетке салкын жел согуп турушун каалайт. Бирок мындай адат шаар ичинде, өзгөчө тыгында турган учурда ден соолукка өтө кооптуу экенин "Доктор Питер" басылмасына берген маегинде онколог Анастасия Косякова түшүндүрдү.
Дарыгердин айтымында, мындай учурда киши башка унаалардан чыккан газды жутуп, рак, жүрөк-кан тамыр жана нерв системаларынын ооруларына кабылуу коркунучуна кептелет.
"Салонго аба менен бирге көмүртек кычкылы, альдегиддер, күкүрттүн диоксиди жана ыш кирет. Бул заттардын баары ден соолук үчүн кооптуу. Өпкө рагына чалдыгуу коркунучу өзгөчө жогору", — деди адис.
Ошондой эле ал эң жеңил дегенде киши дерматит жана конъюнктивит илдеттерине кабылышы ыктымал экенин кошумчалады.
Болбой эле айнегин ачууга мажбур болгон адамдарга дарыгер антиоксиданттарга бай жер-жемиштерди жеп, көк чай ичүүнү сунуштайт.