Бишкектин мэри шаардын негизги көйгөйлөрүн атап, тапшырмаларды берди

Калаа жетекчиси ар бир маселе боюнча иш-чаралардын планын түзүүнү тапшырды.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров райондордун акимдери, шаардык кызматтардын жана муниципалитеттин борбордук аппаратынын өкүлдөрү менен кезексиз жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров райондордун акимдери, шаардык кызматтардын жана муниципалитеттин борбордук аппаратынын өкүлдөрү менен кезексиз жыйын өткөрдү

2 / 3

Калаа башчысы вице-мэрлер менен структуралык бөлүмдөргө протоколдук тапшырмаларды берди

3 / 3

Абдыкадыров өзүнүн орун басарлары менен муниципалдык кызматтардын жетекчилерине бардык маселелер боюнча иш-чаралардын планын түзүүнү тапшырды.

Калаа башчысы вице-мэрлер менен структуралык бөлүмдөргө протоколдук тапшырмаларды берди:
Бишкектин башкы планын түзүү боюнча сунуштарды берүү;
Борбор калааны кышка даярдоо;
Жер участокторун мыйзамдаштыруу;
Шаарды сапаттуу көмүр менен камсыз кылуу;
Конуштарды, социалдык объектилерди газдаштыруу;
Жолдорду жана тротуарларды куруу;
Борбордук жана негизги эмес көчөлөрдү автотыгындан бошотуу;
Автобазаны газ менен жүргөн жаңы автобустардын келишине даярдоо;
Таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу;
Таштандыны заманбап жолдор менен тазалоо.
Абдыкадыров өзүнүн орун басарлары менен муниципалдык кызматтардын жетекчилерине бардык маселелер боюнча иш-чаралардын планын түзүүнү тапшырды.
Бишкек мэри: Свердлов району сынамык долбоордун аянтчасы болот