Баткендеги табылгалар, адамдардын сөөктөрү Европага изилдөөгө жөнөтүлөт

Радиоуглероддук лабораторияда антропология, геология, генетика боюнча анализдер жана изилдөөлөр чыгарылары пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Баткен мамлекеттик университетинин археологиялык табылгалары Европага лабораториялык изилдөөгө жиберилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
1 / 4

Баткен мамлекеттик университетинин археологиялык табылгалары Европага лабораториялык изилдөөгө жиберилет

2 / 4

Археологиялык казууда I жана VI кылымдарга таандык кумура, курдун тогосу, бычак, канжар сыяктуу табылгалар, эки адамдын жанаша жаткан сөөктөрү табылган

3 / 4

Европадагы радиоуглероддук лабораторияда антропология, геология, генетика боюнча анализдер жана изилдөөлөр чыгарылары пландалууда

4 / 4

Илимий изилдөөгө ОшМУ, ОшМПУ жана БатМУнун магистранттары менен студенттери катышты.

Аталган окуу жай жүргүзгөн археологиялык казууда I жана VI кылымдарга таандык кумура, курдун тогосу, бычак, канжар сыяктуу табылгалар, эки адамдын жанаша жаткан сөөктөрү табылган.
Европадагы радиоуглероддук лабораторияда антропология, геология, генетика боюнча анализдер жана изилдөөлөр чыгарылары пландалууда.
"15 адамдан турган археологиялык топ 11-июндан 22сине чейин 10 күндүк казуу иштерин жүргүздү. Ал Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун, археология бөлүмүнүн башчысы Кадича Ташбаеванын жетекчилигинде жасалды", — деп айтылат маалыматта.
Илимий изилдөөгө ОшМУ, ОшМПУ жана БатМУнун магистранттары менен студенттери катышты.
Билим берүү министрлиги 1956-1960-жылдардан бери Баткен районунун аймагында археологиялык илимий изилдөө жүргүзүлбөгөнүн белгиледи.
Бурананы кыйроодон сактаган археолог, куруучулар. 50 жыл мурунку таберик сүрөт