"Ысык-Көл" аэропортунун чатырынан суу кирип, имараттын ичин каптады. Видео

Видеонун автору бул аэропортко чет өлкөлүк коноктор келерин айтып, "чоңдор жакшылап караса" деген нааразычылыгын жазган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" аэропортунун абалы кыргызстандыктарды кейитти. Кечээ, 6-июлда, жамгыр жаагандан кийин чатырынан суу куюлуп аэробекеттин ичин каптаган.
Соцтармакта тараган видеодон аба майдандын чатырынан суу агып, имаратка кирип жатканын көрүүгө болот. Суу түшкөн жерге чакаларды коюп коюшкан, андан ашкан суу полго жайылып кеткен. Ошол эле жерде аэропорттун кызматкерлери жүргүнчүлөрдү тейлеп жатат. Видеонун автору бул аэропортко чет өлкөлүк коноктор келерин айтып, "чоңдор жакшылап караса" деген нааразычылыгын жазган.
Эске салсак, буга чейин шамалдан улам аэропорттун тосмосу урап калган болчу.
Өткөн жумада "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунун жаңы аэробекетинин имаратынын курулушуна капсула салынган.
"Ысык-Көл" эл аралык аэропортунда жаңы күтүү залы ачылды. Сүрөт