Чоң курсак эмнеден улам пайда болот? Адистин түшүндүрмөсү

Дарыгер ден соолукка кам көрүү үчүн спорт менен машыгуу зарылдыгын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Курсактын чыгып кетишине көпчүлүк учурда алсыз булчуңдар негиз болот. Бул тууралуу остеопат дарыгери Юлия Толмачева билдиргенин Sputnik радиосу жазды.
"Кыймыл аз болгон учурда булчуңдар алсырап, чоюлуп, курсак тартылбай калат. Мындан арылыш үчүн адистен кеңеш алып, көнүгүүлөрдү жасаш керек", — деген Толмачева.
Ал эми хирург Илья Алмазов "Доктор Питер" басылмасына берген маегинде чоң курсактын артында "жашынган" ооруларды тизмектеп берген.
Арыктоо мээнин картаюусун кеминде 9 айга жайлатат