Экономист улуттук валютаны Кыргызстанда басып чыгаруунун оң-терс жактарын айтты

Адис жасалма акча чыгаргандар да бар экенин эске салып, банкнотаны коргоо боюнча механизмдерди жакшыртып туруу зарылдыгын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Кыргызстандын улуттук валютасын чет өлкөдө басып чыгарууга тыюу салуунун оң жана терс жактарын экономист Кубат Рахимов Sputnik Кыргызстан радиосуна айтып берди.
Эске салсак, жакында эле Жогорку Кеңештин депутаттары сомду чет өлкөдөн чыгарууга тыюу салууну сунуштаган. Документте Кыргызстандын ичинде соода жүгүртүүнү тек гана сом менен ишке ашыруу талабы жазылган. Ал эми Садыр Жапаров улуттук валютанын банкноталары Кыргызстанда чыгарыла турганын билдирген жайы бар.
"Суверендүүлүк улуттук валюта менен бекемделерин эске алганда бул, албетте, жакшы нерсе. Ал эми башка жагынан алып карай турган болсок, банкнота чыгаруу менен алектенген чет элдик компаниялар ондогон мамлекет менен иштейт жана жасалма акча чыгаргандар да бар экенин эске алат. Эгер кайсы бир мамлекетте жасалма акча жайыла баштаса, анда алар өнөктөш мамлекеттердин Улуттук банктарына банкноталарды кошумча коргоо боюнча сунуштарды берет", — деди Рахимов.
Ал белгилегендей, эгер Кыргызстан акчаны өзү басып чыгара турган болсо, банкнотаны жасоо боюнча дүйнөлүк тенденцияларга көз салып, технологияны жакшыртууга акча бөлүү маселеси өзүнчө пункт менен белгилениши керек.
Кыргызстанда акча алмаштыруу жайларын жоюп салуу сунушталууда